Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы „Кыргыз жылуулук энерго“ мамлекеттик ишканасынын суу менен жабдуучу объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 18-январы № 34 Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын суу менен жабдуучу объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн керектөөчүлөрдү ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 18-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте, ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн суу менен жабдуу объекттерин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн суу менен жабдуу объекттерин белгиленген тартипте муниципалдык менчикке алсын жана аларды мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөрсүн;
- суу менен камсыздоочу объекттерди максаттык арналышы боюнча гана пайдаланууну камсыздасын;
- суу менен камсыздоочу объекттерди жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен кармасын жана андан ары тейлесин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү суу менен жабдуучу объекттеринин
ТИЗМЕСИ
№
Негизги каражаттардын аталыштары
Инвентардык номери
Баштапкы наркы (сом)
Баланстык наркы (сом)
1
Электр кыймылдаткычтары:
- 15 кВт/3000 айл. мүн
50801
8210,94
-
- 18,5 кВт/3000 айл. мүн
51135
4500,0
-
- 15 кВт/3000 айл. мүн
51147
39109,98
14923,46
- 22 кВт/3000 айл. мүн
51158
14625,0
-
- 15 кВт/3000 айл. мүн
51159
51325,37
12469,63
- 18,5 кВт/3000 айл. мүн
51375
21470,77
14442,64
2
Магистралдык суу өткөргүч D - 150 мм, L - 500 м
50538
175000,0
96984,70
3
Болот түтүктөр:
- D -32 мм, L - 40 м
2009
6000,0
3311,07
- D - 50 мм, L - 10 м
50539
2500,0
1385,2
- D - 80 мм, L - 65 м
50540
38932,62
31398,3
- D - 100 мм, L - 153 м
50541
41310,0
22893,55
- D - 150 мм, L - 756 м
50542
181913,74
100816,94
4
Суу чыгаргычтын тосмосу
50543
2600,0
-
5
Скважиналар
50544
5700,0
-
50545
5700,0
-
6
Насостор:
- К-100-88-160
50546
5885,0
-
- ЭЦВ 10-65-65
477
34125,0
-
- айлантуучу
50626
10500,0
-
- КМ-80-100-160
51354
26752,21
8266,24
7
Бактерициддик түзүлүш
50547
800,0
-
8
Бактерициддик түзүлүштүн имараты
50548
11650,0
-
9
Нөөмөттүк персоналдын имараты
50549
9790,0
-
10
Суу бөлүштүрүүчү камера
50550
3479,0
-
11
Насостук станциянын имараты
50551
12600,0
-
12
Чендер:
- 40 м3
50552
4112,0
-
- 40 м3
50553
4112,0
-
13
Резервуарлар:
- 250 м3
50554
6785,0
-
- 250 м3
50555
6785,0
-
Жыйынтыгы:
736273,63
306891,73
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон