# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12060>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2261/edition/1122705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12060.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (24.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12060

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 16-январы № 25 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциялары объекттеринин режимдик мүнөзүн эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденцияларынын мүлкүнө, Кыргыз Республикасынан тышкары жайгашкан мамлекеттик мүлк объектилерин ижарага берүүдө пайда болгон мамилелерге карата колдонулбайт. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденцияларынын иши Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы бекиткен жоболорго ылайык жөнгө салынат.";

- 18-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн административдик имараттарындагы жайлар, иши аталган мамлекеттик уюмдардын кызматкерлеринин социалдык-тиричилик керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган субъектке ачык тоорук жүргүзбөстөн берилет.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
