Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «»Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 18-январы № 35 "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 436-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 20-статьяда:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Кооперативдин кеңешинин мүчөсү бир эле учурда башкарманын мүчөсү, башкарманын төрагасы же текшерүү комиссиясынын мүчөсү болушу мүмкүн эмес. Кооперативдин уставында ушул аталган органдарга мүчө болууну чектеген кошумча негиздер көрсөтүлүшү мүмкүн.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 9-10-пункттар менен толукталсын:
"9. Кооперативдин башкармасынын кооперативдин курамынан чыга тургандыгын билдирген мүчөлөрү, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу алардын укуктарын токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алганга чейин кооперативдин кеңешине шайлана албайт.
10. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүн шайлаганда кооперативдин башкармасынын төрагасы жана башкарманын мүчөлөрү андай талапкерлер тууралуу сунуштарды берүүгө укугу жок.";
2) 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. Кооперативдин кеңешинин компетенциясына тиешелүү маселелерди алар кооперативдин аткаруу органына чечүүгө өткөрүп бере алышпайт.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы № 2289-VI "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 07.03.2018 · № 2289-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2539-VI "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 28.06.2018 · № 2539-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 21-июнундагы № 2512-VI "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 21.06.2018 · № 2512-VI
Шилтеме берет (3)
- Кооперативдер жөнүндөЗакон · 11.06.2004 · № 70
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон