Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн «»Ак-Суу» мамлекеттик комплекстүү заказниги жөнүндө» токтому
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
токтому
2018-жылдын 10-январы № 14 "Ак-Суу" мамлекеттик комплекстүү заказниги жөнүндө Биологиялык түрдүүлүктү сактоо жана "Ак-Суу" мамлекеттик комплекстүү заказнигинин чек арасын аныктоо максатында, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "Ак-Суу" мамлекеттик комплекстүү заказнигинин жерлеринин экспликациясы, 1-тиркемеге ылайык;
- "Ак-Суу" мамлекеттик комплекстүү заказнигинин чек араларынын баяндамасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги 2019-жылга чейин "Ак-Суу" мамлекеттик комплекстүү заказнигинде ички чарбалык аңчылыкты уюштурууну толук көлөмдө аяктасын.
3. Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясы жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
1-тиркеме "Ак-Суу" мамлекеттик комплекстүү заказнигинин жерлеринин
ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
№
Жерлердин таандыктыгынын аталышы
Жалпы аянты, га
анын ичинде
айдоо
чабынды
токойлор, бадалдар
токой баспаган жерлер
жайыттар
кар, мөңгүлөр
башка жерлер
суулар
жол астындагы жерлер
1
"Ак-Суу" МКЗнын жерлери
7862
1046
6786
27
3
Бардыгы
7862
1046
6786
27
3
2-тиркеме "Ак-Суу" мамлекеттик комплекстүү заказнигинин чек араларынын
БАЯНДАМАСЫ
Чек араны баяндоонун башталышы үчүн № 1 чекит - Москва жана Сокулук райондорунун чек араларынын тогошуусу алынды. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1977-жылдын 19-апрелиндеги № 1465-IX Указы менен бекитилген баяндамага ылайык чек ара № 1 чекиттен № 2 чекитке чейин Сокулук району менен чектешүү боюнча кетет. № 2 чекиттен чек ара суусуз өрөөн менен түз сызык боюнча кетет: түштүк-чыгышка 348,83 м (№ 3 чекит), 576,89 м (№ 4 чекит), 1133,01 м (№ 5 чекит), 586,3 м (№ 6 чекит), 1141,19 м (№ 7 чекит), 1004,72 м (№ 8 чекит), 1043,06 м (№ 9 чекит), 529,84 м (№ 10 чекит), түндүк-чыгышка: 786,66 м, Туюк суусундагы № 11 чекитке чыгат. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1977-жылдын 19-апрелиндеги № 1465-IX Указы менен бекитилген баяндамага ылайык чек ара № 11 чекиттен № 12 чекитке чейин Сокулук району менен чектешүү боюнча, № 12 чекиттен № 13 чекитке чейин Панфилов району менен чектешүү боюнча кетет. Тригопункттан түндүк-чыгышты карай тоо кыркаларында жайгашкан № 13 чекиттен чек ара суусуз өрөөн менен түз сызык боюнча № 14 чекитке чейин (жогорку/чекити 4003,9 м) барат, № 14 чекиттен чек ара суу айрыгы боюнча түндүк-батыш багытта (жогорку/чекити 3901,5 м) № 15 чекитке чейин (жогорку/чекити 3557,2 м), № 15 чекиттен чек ара сызыгы Жарташ жана Туюк сууларынын айрылыштары боюнча түндүк-батыш багытында Жарташ суусуна - № 16 чекитке чейин барат. № 16 чекиттен чек ара сызыгы суу айрыгы боюнча түндүк-чыгыш багытында № 17 чекитке чейин (жогорку/чекити 3041 м) кетет. № 17 чекиттен түз сызык менен түндүк-батыш багытында, андан кийин суусуз өрөөн менен түндүк багытында № 18 чекитке чейин (жогорку/чекити 3993,3 м) барат. № 18 чекиттен чек ара суусуз өрөөн менен: адегенде ийрелеңдеген сызык менен түндүк-чыгышка жана түштүк-батышка кетип, Бултуке, Туюк, Жарташ сууларынын айрылышына чыгат, жалпы түндүк багыты менен тригопункт аркылуу өтөт, андан кийин түз сызык менен түндүк-батышка кетет, түндүк-чыгышка бурулат, ийилген сызык менен № 1 чекитке чейин - чек араны баяндоонун башталышына келет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөЗакон · 03.05.2011 · № 18
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.