# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 08.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12046>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2248/edition/880310/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12046.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (08.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12046

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 8-январы № 6 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Мамлекеттик лотерея компаниясы" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасына кесиптик лотереяларды өткөрүүгө ыйгарым укук берилсин.";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасынын уставында:

11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын аймагындагы мыйзамсыз лотереялык иштердин бетин ачууда мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү үчүн мониторинг жүргүзүү;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Исаков
