Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 «Мамлекеттик лотереялык компания» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 8-январы № 6 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Мамлекеттик лотерея компаниясы" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасына кесиптик лотереяларды өткөрүүгө ыйгарым укук берилсин.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасынын уставында:
11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын аймагындагы мыйзамсыз лотереялык иштердин бетин ачууда мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү үчүн мониторинг жүргүзүү;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2016 · № 339
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2016 · № 339
- Лотереялар жөнүндөЗакон · 10.05.2017 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон