Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 340 „Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 4-январы № 1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө жободо:
- 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- колдонулуучу технологиясына карабастан аналогдук жана (же) цифралык берүүдөгү телерадиоканалды жайгаштырууга уруксатты берүү, кайрадан тариздөө, берүүдөн баш тартуу, токтотуп туруу, токтотуу, жокко чыгаруу жана кайрадан калыбына келтирүү жол-жоболорун ишке ашырат;
- телерадио уюмдары жана телеберүүнүн операторлору Кыргыз Республикасынын лицензия-уруксат, жалпыга маалымдоо каражаттары, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарынын талаптарын аткаруусуна лицензиялык контролду ишке ашырат;
- колдонулуучу технологиясына карабастан аналогдук жана (же) цифралык берүүдөгү телеканалды жайгаштырууга уруксаттардын реестрин түзөт жана жүргүзөт;";
- 16-пунктунун биринчи абзацындагы "мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" деген сөздөр "мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөр тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын…Положение · 17.06.2014 · № 340 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти…Постановление · 17.06.2014 · № 340
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон