# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2017-жылдын 14-ноябры № 739 "Адабият, искусство жана архитектура чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2017-жылдын 14-ноябры № 739 "Адабият, искусство жана архитектура чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 739
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12032>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2234/edition/1145968/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12032.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2017-жылдын 14-ноябры № 739 "Адабият, искусство жана архитектура чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (14.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12032

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 14-ноябры № 739 Адабият, искусство жана архитектура чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу менен байланышкан маселелерди иретке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-январындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитет жөнүндө жободо:

- 1-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Комитеттин курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-январындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы № 332 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Исаков
