# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 755 "Натыйжасыз, иш жүргүзбөгөн бир нече мамлекеттик ишкананы жоюу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 755 "Натыйжасыз, иш жүргүзбөгөн бир нече мамлекеттик ишкананы жоюу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 755
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12005>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2214/edition/853985/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12005.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 755 "Натыйжасыз, иш жүргүзбөгөн бир нече мамлекеттик ишкананы жоюу тууралуу" токтому (24.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12005

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 17-ноябры № 755 Натыйжасыз, иш жүргүзбөгөн бир нече мамлекеттик ишкананы жоюу тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 774 токтомунун редакциясына ылайык) Экономикалык жактан кудуретсиз, иш жүргүзбөгөн мамлекеттик ишканаларды жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн натыйжасыз, иш жүргүзбөгөн мамлекеттик ишканалар белгиленген тартипте жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:

- ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканаларды жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн бир айлык мөөнөттө жоюу комиссияларын түзүшсүн;

- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго ушул токтомду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча):

- жоюу үчүн жооптуу болгон мамлекеттик органдарга өз компетенцияларынын чегинде көмөк көрсөтүшсүн;

- жоюу үчүн жооптуу болгон мамлекеттик органдардын суроо-талаптарына ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалар тууралуу маалыматтарды оперативдүү түрдө беришсин.

1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Исаков

Тиркеме Жоюлууга тийиш болгон мамлекеттик ишканалардын ТИЗМЕСИ (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 774 токтомунун редакциясына ылайык)

№

МИ аталышы

Юридикалык дареги

Уюмдаштыруучу

Юстиция органдарында каттоо жана кайра каттоонун датасы

ОКПО коду

Жоюу үчүн жооптуу мамлекеттик орган

1

"Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы

Бишкек ш., Ленин району, Садыгалиев көч., 3

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

21.01.2004-ж.

23006991

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

2

"Баткен райондук типографиясы" мамлекеттик ишканасы

Баткен облусу, Баткен ш., Нургазиев көч., 10

Баткен райондук мамлекеттик администрациясы

08.08.2001-ж.

20904287

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

3

"Топоз-Баткен" "Топоз асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы

Баткен облусу, Баткен ш., МСО көч.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясы

04.01.2002-ж.

22943802

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

4

"Физкультурник" студенттик азыктандыруу комбинаты" мамлекеттик ишканасы

Бишкек ш., Октябрь району, Жукеев-Пудовкин көч., 73

Дене тарбия жана спорт академиясы

26.10.1994-ж.

20026668

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

5

"Банкроттук иштер боюнча департаментинин Окуу борбору" мамлекеттик ишканасы

Бишкек ш., Биринчи май району, Москва көч., 151

Банкроттук иштер боюнча департаменти

08.12.2009-ж.

23218457

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

6

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 774 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
