Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Натыйжасыз, иш жүргүзбөгөн бир нече мамлекеттик ишкананы жоюу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 17-ноябры № 755 Натыйжасыз, иш жүргүзбөгөн бир нече мамлекеттик ишкананы жоюу тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 774 токтомунун редакциясына ылайык) Экономикалык жактан кудуретсиз, иш жүргүзбөгөн мамлекеттик ишканаларды жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн натыйжасыз, иш жүргүзбөгөн мамлекеттик ишканалар белгиленген тартипте жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканаларды жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн бир айлык мөөнөттө жоюу комиссияларын түзүшсүн;
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго ушул токтомду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча):
- жоюу үчүн жооптуу болгон мамлекеттик органдарга өз компетенцияларынын чегинде көмөк көрсөтүшсүн;
- жоюу үчүн жооптуу болгон мамлекеттик органдардын суроо-талаптарына ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалар тууралуу маалыматтарды оперативдүү түрдө беришсин.
1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Исаков
Тиркеме Жоюлууга тийиш болгон мамлекеттик ишканалардын ТИЗМЕСИ (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 774 токтомунун редакциясына ылайык)
№
МИ аталышы
Юридикалык дареги
Уюмдаштыруучу
Юстиция органдарында каттоо жана кайра каттоонун датасы
ОКПО коду
Жоюу үчүн жооптуу мамлекеттик орган
1
"Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы
Бишкек ш., Ленин району, Садыгалиев көч., 3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
21.01.2004-ж.
23006991
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
2
"Баткен райондук типографиясы" мамлекеттик ишканасы
Баткен облусу, Баткен ш., Нургазиев көч., 10
Баткен райондук мамлекеттик администрациясы
08.08.2001-ж.
20904287
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
3
"Топоз-Баткен" "Топоз асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы
Баткен облусу, Баткен ш., МСО көч.
Баткен райондук мамлекеттик администрациясы
04.01.2002-ж.
22943802
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
4
"Физкультурник" студенттик азыктандыруу комбинаты" мамлекеттик ишканасы
Бишкек ш., Октябрь району, Жукеев-Пудовкин көч., 73
Дене тарбия жана спорт академиясы
26.10.1994-ж.
20026668
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
5
"Банкроттук иштер боюнча департаментинин Окуу борбору" мамлекеттик ишканасы
Бишкек ш., Биринчи май району, Москва көч., 151
Банкроттук иштер боюнча департаменти
08.12.2009-ж.
23218457
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
6
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 774 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 774 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 755 "Натыйжасыз, иш жүргүзбөгөн бир нече…Постановление · 24.11.2017 · № 774
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 774 токтомуПостановление · 24.11.2017 · № 774
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 774 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 755 "Натыйжасыз, иш жүргүзбөгөн бир нече…Постановление · 24.11.2017 · № 774
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 766 ""Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын…Постановление · 22.11.2017 · № 766