Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 22-ноябры № 767 "Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо буралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
С.Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2085-VI "2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен…Постановление · 13.12.2017 · № 2085-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 2128-VI "2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен…Постановление · 21.12.2017 · № 2128-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-декабрындагы № 2153-VI "2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен…Постановление · 28.12.2017 · № 2153-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад…Закон · 27.01.2018 · № 15
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон