# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 711 "Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 711 "Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 711
- Кабыл алынган күнү: 30.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12003>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2212/edition/1281958/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12003.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 711 "Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (30.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12003

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2017-жылдын 30-октябры № 711 Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 79 "Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 79 "Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 10-ноябрында N 118 жарыяланды

Премьер-министри

С. Исаков
