# 89-статья. Экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктама

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2015 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205452)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920744..920745>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 89-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-89

---

1. Экспертизаны дайындоо жөнүндө сот аныктама чыгарат.

2. Сот экспертизаны дайындоо жөнүндөгү аныктамада соттун аталышын, экспертизанын дайындалган жерин, убакытын, ырастоо же жалганга чыгаруу үчүн экспертиза дайындалып жаткан фактыларды, экспертизанын аталышын, эксперт алдына коюлган маселелерди, эксперттин аты-жөнүн же экспертиза жүргүзүү тапшырылган эксперттик мекеменин аталышын, экспертке жиберилип жаткан материалдарды, экспертиза жүргүзүлүүчү мөөнөттү көрсөтөт.

3. Аныктамада корутунду берүүдөн баш тарткандыгы үчүн да, ошондой эле билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн да эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигин тарта тургандыгы тууралуу судья же экспертизаны эксперттик мекеменин кызматкери өткөрүп жаткан учурда, анын жетекчиси тарабынан эскертилери көрсөтүлөт.

Эскертүү. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо иштери боюнча товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн экспертиза өткөрүүнүн мөөнөтү он жумушчу күндөн, ал эми техникалык татаал товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн - иш экспертизага келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпоого тийиш. (КР 2015-жылдын 31-январындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [88-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-88)  
Кийинки берене: [90-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-90)
