# 86-статья. Үн жазуу жана көргөзмө жазуу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 86-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-86

---

1. Электрондук же башка негизде үн жазуу же көргөзмө жазуусун сунуш кылып жаткан жак же андайларды талап кылууну өтүнүп жаткан жак качан, кандай шартта жана ким тарабынан мындай жазуу жүргүзүлгөндүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Үндү же көргөзмө жазмасын талап кылууну өтүнүп жаткан жак жазылган үндү же видео жазууну өз алдынча алууга тоскоолдук кылып жаткан себептерди жана эмненин негизинде ушул адамда же уюмда далил бар деп эсептеп жаткандыгын көрсөтүүгө тийиш.

3. Сот тарабынан жарандардан жана уюмдардан талап кылынып жаткан үн жазуусу же видео жазуусу түздөн-түз сотко жиберилет.

4. Сот жазылган үндү же көргөзмө жазуусун талап кылууну соттон өтүнүп жаткан жакка ал далилди кийин сотко алып келүү боюнча алуу укугун берген сурам бере алат.

5. Жазылган үндү же көргөзмө жазууну берүү жөнүндөгү соттун талабы сот жүйөөлүү эмес деп эсептеген себептер менен аткарылбаган учурда, буга күнөөлүү, сот ишине катышкан же катышпаган кызмат адамдары же жарандар сот тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылат.

6. Жашырын түрдө жазылып алынган үн же көргөзмө жазуу мындай жазууга мыйзам тарабынан жол берилгенден башка учурда, далил катары пайдаланылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-85)  
Кийинки берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-87)
