# 81-статья. Буюм далилдерин талап кылуу жана берүү тартиби

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 81-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-81

---

1. Кандайдыр бир затты далил катары ишке катышкан же катышпаган жактардан талап кылууну соттон өтүнгөн жак аны өзү алууга тоскоолдук кылып жаткан себептерди жана кайсы негизде ал зат бул жакта же уюмда деп эсептеп жаткандыгын көрсөтүүгө тийиш.

2. Жарандардан же уюмдардан сот талап кылган буюм далил түздөн-түз сотко берилет.

3. Сот буюм далилдерин талап кылууну соттон өтүнүп жаткан жакка ал далилди кийин сотко алып келүү үчүн алууга укук берген сурам бере алат.

---

Мурунку берене: [80-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-80)  
Кийинки берене: [82-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-82)
