# 79-статья. Жазуу жүзүндөгү далилдерди кайтарып берүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 79-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-79

---

1. Иште болгон жазуу жүзүндөгү далилдер, бул далилдерди келтирген жактардын өтүнүчү боюнча соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кайтарылышы мүмкүн. Мында жазуу жүзүндөгү далилдин судья тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү калтырылат.

2. Эгерде сот алардын кайтарылышы талаштын туура чечилишине зыян келтирбейт деген тыянакка келсе, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жазуу жүзүндөгү далилдер бул далилдерди келтирген жактарга кайтарылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-78)  
Кийинки берене: [80-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-80)
