# 77-статья. Жазуу жүзүндөгү далилдерди сотко берүү милдети

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 77-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-77

---

1. Сот талап кылып жаткан далил колунда болгон жана соттун талабы боюнча аны бербеген жактагы маалыматтар ушул тарапка каршы багытталган деп болжолдонуп, ал аны моюнга алган катары эсептелет.

2. Талап кылынып жаткан жазуу жүзүндөгү далилди берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон же сот белгилеген мөөнөттө бере албаган жактар бул жөнүндө себептерин көрсөтүү менен сотко билдирүүгө милдеттүү.

3. Билдирилбеген учурда, ошондой эле жазуу жүзүндөгү далилди берүү жөнүндөгү соттун талабы сот жүйөөлүү эмес деп эсептеген себептер менен аткарылбаган учурда, буга күнөөлүү кызмат адамдары же жарандар сот тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылат.

4. Администрациялык жазага тартуу тиешелүү кызмат адамдарын же жарандарды сотко кат жүзүндөгү далилди берүү милдетинен бошотпойт.

5. Жазуу жүзүндөгү далилдер, эреже катары, түп нускасында берилет. Эгерде документтин көчүрмөсү берилсе, анда сот зарыл болгон учурда түп нускасын талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [76-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-76)  
Кийинки берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-78)
