# 74-статья. Күбөнүн милдеттери жана укуктары

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 74-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-74

---

1. Күбө катары сотко чакырылган адам белгиленген убакытта сотко келүүгө жана туура көрсөтүү берүүгө, судьянын, ишке катышып жаткан жактардын суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү.

2. Сурак жүргүзүлгөнгө чейин сот күбөнүн ким экендигин аныктайт, көрсөтүү берүүдөн баш тарткандыгы же билип туруп жалган көрсөтүү бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертет жана ага анын милдеттери менен жоопкерчилиги түшүндүрүлгөндүгү тууралуу колкат алат. Колкат соттун отурумунун протоколуна кошулат.

3. Эгерде күбө оорунун, карылыктын, майыптыктын айынан же башка себептерден улам соттун чакыруусу боюнча келе албаса, өзү турган жерде соттун сурагынан өтө алат.

4. Күбө сотко чакырууга байланыштуу чыгымдарынын ордун толтуртуп алууга жана убакытысын кетиргендиги байланыштуу акчалай компенсация алууга укуктуу. Төлөөнүн тартиби жана берилүүгө тийиш болгон сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.

---

Мурунку берене: [73-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-73)  
Кийинки берене: [75-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-75)
