# 67-статья. Соттун тапшырмасын аткаруу тартиби

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 67-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-67

---

1. Соттун тапшырмасы ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча соттун отурумунда аткарылат. Ишке катышып жаткан жактарга сот отурумунун өткөрүлө турган жери жана убактысы жөнүндө билдирилет, бирок алардын келбей койгондугу тапшырманы аткарууга тоскоол болбойт. Протоколдор жана тапшырманы аткарууда чогултулган бардык материалдар токтоосуз ишти карап жаткан сотко жиберилет.

2. Эгерде ишке катышып жаткан жактар же тапшырманы аткарып жаткан сотко түшүндүрмө же көрсөтүү берген күбөлөр ишти карап жаткан сотко келсе, анда алар жалпы тартипте түшүндүрмө жана көрсөтүү беришет.

---

Мурунку берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-66)  
Кийинки берене: [68-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-68)
