# 66-статья. Соттун тапшырмалары

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 66-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-66

---

1. Ишти карап жаткан сот, далилдерди башка шаардан же райондон чогултуу зарыл болгон учурда, тиешелүү сотко айрым процесстик аракеттерди аткарууну тапшырат.

2. Соттун тапшырмасы боюнча аныктамада каралып жаткан иштин мазмуну кыскача жазылып, тапшырманы аткаруучу, сот тарабынан аныктала турган жагдайлар, чогултула турган далилдер көрсөтүлөт. Бул аныктама ал жиберилип жаткан сот үчүн милдеттүү болуп эсептелет жана бир айлык мөөнөткө чейин аткарылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [65-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-65)  
Кийинки берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-67)
