# 61-статья. Далилдерди берүү жана талап кылуу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 61-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-61

---

1. Далилдер тараптар жана ишке катышкан башка жактар тарабынан берилет.

2. Далилди талап кылуу өтүнүчүндө далил белгиленүүгө, ошондой эле иш үчүн мааниси бар кайсы кырдаалды өзү ырастай же жокко чыгара ала тургандыгы тууралу, далилди алууга тоскоолдук кылып жаткан себептер жана анын турган жери көрсөтүлүүгө тийиш. Максатка ылайыктуулугун эске алуу менен сот тарапка далилди алуу үчүн сурам берет. Сот тарабынан талап кылынып жаткан далил колунда болгон жак, аны сотко же сотко берүү үчүн тиешелүү сурамы бар жактын колуна берет.

3. Талап кылынып жаткан далилди бере албаган же сот белгилеген мөөнөттө бере албаган кызмат адамы же жарандар бул жөнүндө сурам алгандан кийин бир жуманын ичинде себебин көрсөтүү менен сотко билдирүүгө тийиш. Далил билдирилбеген учурда, ошондой эле далилди берүү жөнүндөгү соттун талабы жүйөөлүү эмес деп табылган себептер менен аткарылбаганда, буга күнөөлүү жана сот ишине катышкан жактар болбогон кызмат адамы же жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген администрациялык жоопкерчиликти тартышат. Администрациялык жазанын колдонулушу колунда талап кылынган далил болгон тиешелүү кызмат адамын же жарандарды аны сотко берүү милдетинен бошотпойт.

---

Мурунку берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-60)  
Кийинки берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-62)
