# 59-статья. Далилдер

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 59-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-59

---

1. Мыйзамда белгиленген тартипте алынган жана алардын негизинде сот мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын талаптарына же каршы пикирлерине негиз болуучу жагдайдын, ошондой эле иштин туура чечилиши үчүн мааниси бар башка жагдайлардын болгондугун же болбогондугун аныктай турган ар кандай фактылай маалыматтар далил деп эсептелет.

2. Бул маалыматтар тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрү, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, жазуу жана буюм түрүндөгү далилдер, үн жана көрмө жазуулар, эксперттин (адистердин) корутундулары менен аныкталат.

3. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер юридикалык күчкө ээ эмес жана соттун чечими үчүн негиз болбойт.

---

Мурунку берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-58)  
Кийинки берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-60)
