# 56-статья. Мыйзамдуу өкүлдөр

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 56-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-56

---

1. Аракетке жөндөмсүз, аракетке толук жөндөмдүү эмес же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган жарандардын укуктары менен мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын сотко өздөрүнүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документтерди берген алардын ата-энеси, асырап алгандар, камкорчулар же көзөмөлчүлөр коргошот.

2. Мыйзамдуу өкүлдөр өздөрү өкүлчүлүк кылып жаткандардын атынан аткаруу укугу өкүлчүлүк кылып жаткан жакка таандык болгон процесстик аракеттерди мыйзамда белгиленген чектөөлөр менен аткарышат.

3. Белгиленген тартипте дайынсыз жок болду деп таанылган жаран катышууга тийиш болгон иш боюнча анын өкүлү катары дайынсыз жок болгон адамдын мүлкү башкарууга берилген адам чыгат.

4. Өлгөн же белгиленген тартипте өлгөн деп таанылган адамдын мураскору катышууга тийиш болгон иш боюнча мураскордун өкүлү катары, эгерде мурас эч ким тарабынан кабыл алына элек болсо, мураска калган мүлктү кайтарууга жана башкарууга дайындалган сактоочу же камкорчу чыгат.

5. Мыйзамдуу өкүл сотто ишти алып барууну өзү өкүл катары тандап алган башка адамга тапшыра алат.

---

Мурунку берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-55)  
Кийинки берене: [57-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-57)
