# 55-статья. Сотто өкүл боло албай турган адамдар

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920725..920726>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 55-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-55

---

1. Алар тийиштүү уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлү же мыйзамдуу өкүлү катары процесске катышкандан башка учурларда, судья, тергөөчү, прокурор жана өкүлчүлүктүү органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын депутаттары сотто өкүл боло алышпайт.

2. Адвокатура жөнүндөгү мыйзамдарда белгиленген эрежелерди бузуу менен юридикалык жардам көрсөтүү үчүн тапшырма алган адвокат сотто өкүл боло албайт.

3. Адам таламдары өзү өкүлчүлүк кылуучу жактарга карама-каршы келген жактарга юридикалык жардам көрсөтүп жатса же мурда көргөзсө, же болбосо судья, прокурор, эксперт, адис, тилмеч, күбө же күбө-калыс катары катышса, ошондой эле, эгерде ал ишти кароого катышып жаткан кызмат адамы менен тууганчылык мамиледе болсо, анда ал өкүл боло албайт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [54-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-54)  
Кийинки берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-56)
