# 50-статья. Тилмеч

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 50-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-50

---

1. Ушул Кодексте каралган учурларда которуу үчүн талап кылынган тилдерди билген жана сот тарабынан дайындалган адам тилмеч болуп эсептелет.

2. Тилмеч жарандык процесстин катышуучулары тарабынан сунуш кылынгандардын ичинен дайындалышы мүмкүн.

Поцесстин башка катышуучулары которуу үчүн талап кылынган тилдерди билсе да, тилмечтин милдетин өзүнө алууга укугу жок.

3. Тилмеч соттун чакыруусу менен келип, которууну толук, туура жана өз убагында ишке ашырууга милдеттүү.

4. Тилмеч билип туруп туура эмес которгон учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартылат.

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-49)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-51)
