# 46-статья. Башка жактардын укуктарын, мамлекеттик же коомдук таламдарды коргоо үчүн сотко кайрылуу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 46-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-46

---

1. Мыйзамда каралган учурларда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айрым жарандар жана юридикалык жактар башка жактардын же белгисиз чөйрөдөгү жактардын өтүнүчү боюнча алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо боюнча доо менен кайрыла алышат. Аракетке жөндөмсүз жарандын таламдарын коргоо боюнча доо ал адамдын же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү болгон-болбогондугуна карабастан коюлушу мүмкүн.

2. Башка жактардын таламдарын коргоо боюнча доо койгон жактар жарашуу макулдашуусун түзүүдөн башка доогердин бардык процесстик укуктарынан пайдаланышат жана бардык процесстик милдеттерин аткарат. Ушул статьянын 1-пунктунда аталган жактар доодон баш тарткан учурда, ушул Кодекстин 45-статьясынын 3-пунктунда каралган процесстик кесепеттер келип чыгат.

---

Мурунку берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-45)  
Кийинки берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-47)
