# 44-статья. Процесстик укук улантуучулук

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 44-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-44

---

1. Талаш же чечим менен аныкталган укук мамилелерден тараптардын бири чыгып калган учурда (жарандын өлүмү, юридикалык жактын өзгөртүп кайра түзүлүшү, талапты бирөөгө берүү, карызды которуу жана материалдык укук мамилелериндеги жактардын башкача алмашышы) сот бул тарапты анын укук улантуучусу менен алмаштыруусуна жол берет. Укук улантуучулук процесстин ар кандай стадиясында ишке ашырылышы мүмкүн.

2. Укук улантуучунун процесске киришинен мурда аткарылган бардык иштер укук мурасчысы алмаштырган жак үчүн кандайча милдеттүү болсо, укук мурасчысы үчүн да ошондой эле милдеттүү.

---

Мурунку берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-43)  
Кийинки берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-45)
