# 437-статья. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 48-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-437>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-437.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 437-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-437

---

1. Чет өлкөлүк соттордун мажбурлап аткартууну талап кылбаган чечимдери, эгерде таламдаш жактын бул боюнча каршы пикири келип түшпөсө, андан ары эч кандай иш жүргүзүүсүз эле таанылат.

2. Таламдаш жак чет өлкөлүк соттун чечими райондук же ага теңештирилген сотко келип түшкөндүгү өзүнө белгилүү болгон күндөн тартып бир айдын ичинде бул чечимди таануу жагынан өзүнүн каршы пикирин билдире алат.

3. Таламдаш тараптын чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жагынан каршы пикири бул адамга каршы пикирди кароо убактысын жана жерин билдирүү менен соттук отурумда каралат. Ишти кароо убактысы жана жери жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылган таламдаш жактын жүйөлүү себепсиз келбей калышы каршы пикирди кароого жолтоо болбойт.

4. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жагынан каршы пикирди сот карагандан кийин тиешелүү аныктама чыгарылат, ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин тараптарга жиберилет. Соттун аныктамасына ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [436-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-436)  
Кийинки берене: [438-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-438)
