# 435-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү иш боюнча соттун аныктамасы

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 48-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 435-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-435

---

1. Карызкордун түшүндүрмөсүн угуп жана берилген далилдерди карап чыгып, сот ушул Кодекстин 21-главасын да белгиленген эрежелер боюнча чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндөгү аныктамада төмөвдөгүлөр камтылууга;

1) чечим кабыл алган чет өлкөлүк соттун аталышы жана жайгашкан жери;

2) төлөтүп алуучунун жана карызкордун аталышы;

3) төлөтүп алуучу чечимди таанууну жана мажбурлап аткартууну өтүнүп жаткан чет өлкөлүк соттун чечими тууралуу маалыматтар;

4) чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу же чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан жана мажбурлап аткартуудан баш тартуу жөнүндө көрсөтмө.

3. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан жана мажбурлап аткартуудан баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [434-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-434)  
Кийинки берене: [436-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-436)
