# 434-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан жана мажбурлап аткартуудан баш тартуунун негиздери

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 48-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-434>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-434.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 434-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-434

---

1. Сот төмөндөгүдөй учурларда чет өлкөлүк соттун чечимин толугу менен же бир бөлүгүн таануудан жана мажбурлап аткартуудан баш тартат, эгерде;

1) аймагында кабыл алынган мамлекеттин мыйзамы боюнча чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек же аткарылбоого тийиш болсо;

2) чечим өзүнө каршы кабыл алынган тарап ишти кароонун убактысы жана жери жөнүндө өз убагында жана тиешелүү түрдө кабарландырылбаса же дагы башка себептерден улам сотко өзүнүн түшүндүрмөсүн бере албаса;

3) ишти кароо мыйзамдарга же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасындагы соттун компетенциясына гана тиешелүү болсо;

4) ошол эле предмет жана ошол эле негиздер боюнча ошол зле тараптардын ортосундагы талаш жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын сотунун чечими болгон учурда;

5) Кыргыз Республикасындагы соттун кароосунда ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча чет өлкөлүк сотто иш козголгонго чейин козголгон иш болгон учурда;

6) чет өлкөлүк соттун чечимин мажбурлап аткартуу мөөнөтү өтүп кеткен жана бул мөөнөт сот тарабынан калыбына келтирилбеген учурда;

7) чет өлкөлүк соттун чечимин аткартуу Кыргыз Республикасынын эгемендигине эыян келтирсе же Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туудурса.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [433-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-433)  
Кийинки берене: [435-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-435)
