# 43-статья. Талаш-тартыштын буюмзатына карата өз алдынча талап койбогон үчүнчү жактар

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920725..920726>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 43-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-43

---

1. Эгерде алар тараптардын бири-бирине карата укуктары менен милдеттерине таасир эте алышса, талаш-тартыштын буюмзатына карата өз алдынча талап койбогон үчүнчү жактар биринчи инстанциядагы сот тарабынан иш боюнча чечим кабыл алынганга чейин доогердин же жоопкердин тарабында процесске кире алышат. Алар ишке катышкан жактардын өтүнүчү же соттун демилгеси менен ишке катышууга тартылышы мүмкүн.

2. Өз алдынча талап койбогон үчүнчү жактар, доонун негизин жана буюмзатын өзгөртүүгө, доо талабынын өлчөмүн көбөйтүүгө же азайтууга, доодон баш тартууга, доону моюнга алууга, жарашуу макулдашуусун түзүүгө, каршы доо коюуга, соттун чечимин мажбурлап аткарууну талап кылууга карата укуктан тышкаркы процесстик укуктардан пайдаланышат жана процесстик жоопкерчиликти көтөрүшөт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамына ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул статьянын орус редакциясына киргизилген)

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-44)
