# 429-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү иш боюнча соттун аныктамасы

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 47-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 429-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-429

---

1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды кароонун жыйынтыгы боюнча сот аткаруу баракчасын берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү аныктамада төмөндөгү маалыматтар камтылууга тийиш:

1) аксакалдар сотунун аталышы жана курамы жөнүндө;

2) аксакалдар сотун дагы териштирүүнүн тараптарынын аталышы жөнүндө;

3) арыз берүүчү мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүнү өтүнүп жаткан аксакалдар сотунун чечими жөнүндө;

4) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү же аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө көрсөтмө.

3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына ушул Кодексте белгиленген тартипте жогору турган сотко даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [428-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-428)  
Кийинки берене: [430-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-430)
