# 426-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздын түрү жана мазмуну

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 47-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-426>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-426.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 426-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-426

---

1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз жазуу жүзүндө берилет жана анын пайдасына чечим кабыл алынган адам же анын өкүлү кол коюуга тийиш.

2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) чечим кабыл алган аксакалдар сотунун аталышы жана курамы, анын жайгашкан жери;

3) аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарынын аталышы, алардын жашаган жери;

4) аксакалдар сотунун чечими кабыл алынган күн жана жери;

5) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз берүүчүнүн талабы.

3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызга төмөндөгүлөр тиркелет:

1) аксакалдар сотунун чечиминин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2) аксакалдар сотунун чечиминин аткарылбай калышын тастыктаган документтер;

3) асакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын дагы башка тарапка берүү жөнүндө арыздын көчүрмөсүнүн жөнөтүлгөндүгүн тастыктаган тапшыруу жөнүндөгү кабарлама же дагы башка документ;

4) ишенимкат же арызга кол коюуга ыйгарым укукту тастыктаган дагы башка документ.

4. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө ушул статьяда каралган талаптарды бузуу менен берилген арыз аны берген кишиге кароосуз кайтарып берилет.

---

Мурунку берене: [425-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-425)  
Кийинки берене: [427-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-427)
