# 425-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 47-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-425>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-425.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 425-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-425

---

1. Ушул главада белгиленген эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында аксакалдар соттору тарабынан кабыл алынган чечимдерди мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздарды сотто караганда колдонулат.

2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү маселе чечим анын пайдасына карата чыгарылган тараптардын арызы боюнча райондук жана аларга теңештирилген соттордо каралат.

3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз кабыл алынган чечимдин аткаруу мөөнөтү аяктагандан кийин бир айдын ичинде берилиши мүмкүн.

Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз, эгерде ал ушул статья менен белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин берилсе жана аны кайра калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтү камтыбаса, кайра кайтарылууга тийиш.

4. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз аксакалдар соту жайгашкан аймактагы сотко берилет.

---

Мурунку берене: [424-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-424)  
Кийинки берене: [426-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-426)
