# 424-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү иш боюнча соттун аныктамасы

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 декабря 2013 года № 217 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/205091)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920742..920743>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-424>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-424.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 424-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-424

---

1. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды кароонун жыйынтыгы боюнча сот аткаруу баракчасын берүү же бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү аныктамада төмөндөгүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) бейтарап соттун аталышы жана курамы жөнүндөгү;

2) бейтарап териштирүүнүн тараптарынын аталышы жөнүндөгү;

3) бейтарап соттун чечими жөнүндө, арыз берүүчү берүүнү өтүнүп жаткан мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасы жөнүндөгү;

4) бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү же аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү көрсөтмө.

3. Эгерде аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу ушул Кодекстин 423-статьясынын 2-пунктунун 2, 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кабыл алынса, анда аткаруу баракчасын берүүдөн баш тарткан чечим чыгарган бейтарап соту бейтарап териштирүүнү кайрадан өткөрүүгө милдеттүү.

4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу тууралуу же болбосо берүү жөнүндө соттун аныктамасына жогору турган сотко даттанылышы мүмкүн.

Жогору турган сот келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө каралууга жаткан көзөмөл тартибиндеги даттанууларды кошпогондо, даттануу боюнча келип түшкөн ишти ал келип түшкөн күндөн тартып жыйырма күндөн кечиктирбестен кароого тийиш.

5. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу тууралуу же болбосо берүү жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирбеген аныктамасына даттануу сот тарабынан биротоло формада аныктама чыгарылгандан кийин он күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу тууралуу же болбосо берүү жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген аныктамасына даттануу соттун аныктамасы күчүнө кирген күндөн тартып үч айдан ашпаган мөөнөттө берилиши мүмкүн. (КР 2013-жылдын 11-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [423-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-423)  
Кийинки берене: [425-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-425)
