# 422-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды кароонун тартиби

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-422>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 422-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-422

---

1. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды судья жеке өзү ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча ишти соттук териштирүүгө даярдоо жана аныктама чыгаруу мөөнөтүн камтуу менен, арыз келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө карайт.

2. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо судья бейтарап соттон аткаруу баракчасы суралып жаткан иш боюнча материалдардын, анан дагы ушул Кодекстин 423-статьясында саналган аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелген материалдардын гана тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн сурап ала алат.

3. Бейтарап териштирүүнүн тараптарына соттук отурумдун боло турган убактысы жана жери тууралу билдирилет. Соттук отурумдун болор убактысы жана жери тууралуу тиешелүү түрдө кабар кылынган аталган адамдардын келбегендиги ишти кароого жолтоо болбойт.

4. Аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды караган учурда компетенттүү сот бейтарап соттун чечимин маани-мазмуну боюнча кайра кароого укуксуз.

---

Мурунку берене: [421-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-421)  
Кийинки берене: [423-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-423)
