# 421-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздын түрү жана мазмуну

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-421>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-421.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 421-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-421

---

1. Бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз жазуу жүзүндө берилет жана анын пайдасына чечим кабыл алынган адам же анын өкүлү кол коюуга тийиш.

2. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) чечим кабыл алган бейтарап соттун аталышы жана курамы, анын жайгашкан жери;

3) бейтарап териштирүүнүн тараптарынын аталышы, алардын жашаган же жайгашкан жери;

4) бейтарап соттун чечими кабыл алынган күн жана жер;

5) арыз менен кайрылган тараптын бейтарап соттун чечимин алган күн;

6) бейтарап сот тарабынан кабыл алынган чечимди мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз берүүчүнүн талабы.

Арызда телефондордун, факстардын номерлери, электрондук почтанын дареги жана дагы башка маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызга төмөндөгүлөр тиркелет:

1) чечим кабыл алган орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бейтарап соттун чечиминин түп нускасы же чечимдин көчүрмөсү же болбосо чечимдин нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2) талашты бейтарап соттун чечүүсүнө берүү жөнүндөгү макулдашуунун (бейтарап макулдашуусу) түп нускасы же болбосо макулдашуунун нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.

4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү бул Кодекстин ушул статьясында жана 421-статьясында белгиленген талаптарды бузуу менен берилген арыз бул Кодекстин 136 жана 137-статьяларында белгиленген эрежелерге ылайык кыймылсыз калтырылат же аны берген кишиге кайтарып берилет.

---

Мурунку берене: [420-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-420)  
Кийинки берене: [422-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-422)
