# 420-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 декабря 2013 года № 217 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/205091)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920742..920743>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-420>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-420.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 420-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-420

---

1. Бейтарап соттордун Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынган чечимдерин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө иштер боюнча өндүрүш соттор тарабынан ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөр менен, жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү маселелер таламдаш тараптын арызы боюнча райондук же аларга теңештирилген соттордо каралат.

3. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз чечим кабыл алынган учурдан тартып үч жылдын ичинде берилиши мүмкүн.

4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз карызкордун жашаган же жүргөн жери боюнча, же карызкордун жашаган же жүргөн жери белгисиз болсо, анда бейтарап териштирүүнүн тарабы болгон карызкордун мүлкү жайгашкан жери боюнча сотко берилет.

(КР 2013-жылдын 11-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [419-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-419)  
Кийинки берене: [421-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-421)
