# 418-статья. Аппеляциялык жана кассациялык инстанциядагы же көзөмөл тартибиндеги соттор тарабынан сот актысын аткарууну буруу тартиби

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-418>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-418.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 418-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-418

---

1. Ишти апелляциялык, кассациялык тартипте же көзөмөл тартибинде караган сот, эгерде ал өзүнүн актысы менен талашты биротоло чечсе, же иш боюнча өндүрүштү токтотсо, же арызды кароосуз калтырса, анда сот актысын аткарууну буруу тууралуу маселени чечүүгө же ишти чечүү үчүн биринчи инстанциядагы сотко берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде жогору турган соттун актысында сот актысын аткарууну буруу тууралуу эч кандай көрсөтмө болбосо, анда жоопкер биринчи инстанциядагы сотко тиешелүү арызды берүүгө укуктуу.

3. Апелляциялык инстанциядагы сотто алимент төлөтүү жөнүндөгү иш боюнча соттун чечими бузулган учурда сот актысын аткарууну бурууга соттун бузулган актысы доогер тарабынан билдирилген жалган маалыматтарга же берилген жалган документтерге негизделген учурда гана жол берилет.

Кассациялык тартипте, көзөмөл тартибинде эмгек мамилелеринен келип чыккан талаптар боюнча акча каражаттарын төлөтүү жөнүндөгү; илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларына, аткарууга, ачылыштарга, ойлоп табууларга, пайдалуу тариздерге, өнөр жай үлгүлөрүнө карата укуктарды пайдалануу үчүн сыйакыларды төлөтүү жөнүндөгү; алименттерди төлөтүү жөнүндөгү, мертинүүдөн же ден соолуктун дагы башка бузулушунан, же баккан адамынын каза болушунан улам тарткан зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү иштер боюнча сот актысы бузулган учурда сот актысын аткарууну бурууга бузулган сот актысы доогер тарабынан билдирилген жалган маалыматтарга же берилген жалган документтерге негизделген учурда гана жол берилет.

---

Мурунку берене: [417-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-417)  
Кийинки берене: [419-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-419)
