# 417-статья. Биринчи инстанциядагы сот тарабынан сот актысын аткарууну буруу тартиби

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 417-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-417

---

1. Иш жаңыдан кайра кароо үчүн берилген сот өз демилгеси менен сот актысын аткарууну буруу жөнүндөгү маселени кароого жана ишти жаңыдан чечүү же соттун жаңы аныктамасы аркылуу чечүүгө милдеттүү.

2. Эгерде ишти кайрадан караган сот сот актысын аткарууну буруу жөнүндө маселени чечпесе, анда жоопкер бул сотко сот актысын аткарууну буруу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Арыз сот отурумунда каралат. Ишке катышкан адамдарга сот отурумунун өткөрүлө турган жери жана убактысы жөнүндө кабар кылынат, бирок алардын келбегендиги сот актысын аткарууну буруу жөнүндө арызды кароого жолтоо болбойт.

3. Сот актысын аткарууну буруу жөнүндөгү соттун аныктамасына даттануу берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [416-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-416)  
Кийинки берене: [418-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-418)
