415-статья. Сот актысын же дагы башка органдын актысын аткарган учурда башка адамдардын укуктарын коргоо
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 45-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2008 года № 168
415-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 415-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Мүлктү камакка алууда сот аткаруучусу тарабынан бул мүлк карызкорго же башка адамдарга таандык экенине карабастан камакка алууну бузуу үчүн шексиз түрдө негиз болгудай кылып мыйзамдын бузулушуна жол берилген учурда камакка алууну бузуу жөнүндөгү карызкордун же башка адамдардын арыздары ушул Кодекстин 26-главасында белгиленген тартипте каралат. Мындай арыздар камакка алынган мүлк сатылганга чейин берилиши мүмкүн.
2. Мүлктүн таандуулугуна байланыштуу аны өндүрүп алууга байланышкан укук тууралуу адамдар тарабынан билдирилген талаш сот тарабынан доо (мүлктү камакка алуудан бошотуу жөнүндө доолор) ишинин тартибинде каралат.
Мүлктү камакка алуудан бошотуу жөнүндөгү доолор менчик ээлери, ошондой эле карызкорго таандык болбогон мүлктүн менчик ээлери тарабынан коюлушу мүмкүн. Мүлктү камакка алуудан бошотуу жөнүндөгү доолор карызкорго жана төлөтүүчүгө карата коюлат. Эгерде мүлктү камакка алуу мүлктү конфискациялоого байланыштуу салынса, айыпталуучу жак жана тиешелүү финансы органы жоопкер катары тартылат. Эгерде камакка алынган мүлк сатылып жиберилсе, анда доо мүлк өткөрүп берилген адамдарга да коюлат. Сатылып кеткен мүлктү кайра кайтаруу жөнүндөгү доо канааттандырылган учурда мүлктү сатып алуучунун, төлөтүүчүнүн жана карызкордун ортосундагы талаш сот тарабынан доо тартибинде каралат.
3. Сот таламдаш тараптардын арызына карабастан ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайларды белгилеп, мүлккө карата камакка алууну бузууга же мүлктүн бир бөлүгүн тизмеден чыгарууга милдеттүү.
4. Соттун камакка алууну бузуу жөнүндөгү аныктамасына жекече даттануу берилиши мүмкүн.
(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
415-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-415" title="415-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>