# 412-статья. Аткаруу ишин токтотуу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-412.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 412-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-412

---

1. Аткаруу иши сот тарабынан төмөндөгүдөй учурларда токтотулат.

1) өндүрүп алуучу өндүрүп алуудан же карызкордон алып коюлган буюмдарды өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө сот актысын же дагы башка органдын актысын аткаруу учурунда ал буюмдарды алуудан баш тартканда;

2) өндүрүп алуучу жана карызкор жарашуу макулдашуусун түзгөндө жана аны сот бекиткенде;

3) өндүрүп алуучу же карызкор болуп саналган жаран өлгөндөн же аны өлдү деп жарыялагандан же сот актысын же дагы башка органдын актысы менен анын дайынсыз жоголгондугу таанылгандан кийин талап же милдеттенмелер өлгөн адамдын же өлдү деп жарыяланган адамдын укук мурастоочусуна, болбосо дайынсыз жок болгон адамдын мүлкүнүн башкаруучуларга өтүшү мүмкүн болбогондо;

4) жоюлуп жаткан юуидикалык жактын мүлкү өндүрүп алуучунун талабын канааттандырганга жетпесе же ал жок болсо;

5) карызкор мыйзам тартибинде банкрот (кудуретсиз) деп жарыяланганда;

6) өндүрүп алуунун мындай түрү үчүн мыйзам менен белгиленген мөөнөттүн эскириши аяктаганда;

7) аткаруу документин берүүгө негиз болгон сот актысы же башка органдын актысы бузулганда.

2. Өндүрүп алуучу өндүрүп алуудан баш тартканда же өндүрүп алуучу менен карызкордун ортосунда жарашуу макулдашуусу түзүлгөндө ушул Кодекстин 174-статьясында каралган эрежелер колдонулат.

3. Аткаруу ишин токтотуу үчүн негиз болгон учурда аткаруу документи тиешелүү белгилери менен соттук аткаруучу тарабынан сотко же ал документти берген мамлекеттик же башка органга кайтарылат. Соттук аткаруучу тарабынан дайындалган бардык аткаруу чаралары алып салынат.

Токтотулган аткаруу иши кайрадан козголушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [411-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-411)  
Кийинки берене: [413-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-413)
