# 407-статья. Аткаруу документтерин аткарууга берүү мөөнөтүндөгү тыныгуу жана аны калыбына келтирүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 407-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-407

---

1. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, аткаруу документтерин аткарууга берүү мөөнөтү аны аткарууга берүү менен, ошондой эле карызкордун сот актысын же дагы башка органдын актысын жарым-жартылай аткарышы менен токтотула турат.

2. Эгерде мыйзам менен башкасы белгиленбесе, сот тарабынан таанылган жүйөлүү себептер боюнча аткаруу документтерин аткарууга берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген өндүрүп алуучуга өткөрүп жиберилген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.

3. Өткөрүп жиберген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз аткаруу документтерин берген сотко берилет жана ушул Кодекстин 122-статьясында каралган тартипте каралат. Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү соттун аныктамасына даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [406-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-406)  
Кийинки берене: [408-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-408)
