# 406-статья. Аткаруу баракчасын аткарууга берүү мөөнөттөрү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-406>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-406.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 406-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-406

---

1. Аткаруу баракчасын аткарууга төмөндөгүдөй мөөнөттөр берилиши мүмкүн:

1) сот актысы же дагы башка органдын актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып же ошол замат аткарыла турган сот актысы кабыл алынган күндөн кийинки күндөн баштап же сот актысын аткарууну кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп аткаруу учурунда белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч жылдын ичинде;

2) ушул Кодекстин 407-статьясына ылайык аткаруу баракчасын аткарууга берүү үчүн өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө аныктама чыгарылган күндөн тартып үч айдын ичинде.

2. Эгерде сот актысын аткаруу токтото турулган болсо, аны аткаруу токтотула турган убакыт аткаруу баракчасын аткарууга берүү үчүн белгиленген мөөнөткө кошулбайт.

3. Аткаруу баракчасы аны аткаруу мүмкүн болбогондугуна байланыштуу өндүрүп алуучуга кайра кайтарылган учурда аткаруу баракчасын аткарууга берүү үчүн жаңы мөөнөт ал кайтарылган күндөн баштап эсептелинет.

---

Мурунку берене: [405-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-405)  
Кийинки берене: [407-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-407)
