# 402-статья. Аткаруу баракчасын берүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-402.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 402-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-402

---

1. Аткаруу баракчасы биринчи инстанциядагы ишти караган сот тарабынан берилет. Дагы башка органдын актысын аткартууга аткаруу баракчасы ушул Кодексте белгиленген тартипте берилет.

2. Аткаруу үчүн сот буйругун берүү ушул Кодекстин 255-статьясында каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

3. Аткаруу баракчасы өндүрүп алуучуга берилет же анын өтүнүчү боюнча түздөн-түз сот тарабынан аткаруу үчүн жөнөтүлөт. Акча каражатын бюджеттин кирешесине өндүрүп алууга аткаруу баракчасы сот тарабынан карызкордун турган жери боюнча салык органына, дагы башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

4. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы белгиленбесе, ар бир сот акты же дагы башка органдын актысы боюнча бир аткаруу баракчасы берилет.

5. Эгерде сот актысы же дагы башка органдын актысы бир нече доочулардын пайдасына же бир нече жоопкерге каршы кабыл алынган болсо, же аткаруу ар башка жерлерде жүргүзүлүүгө тийиш болсо, сот өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча бир нече аткаруу баракчаларын берет, мында алардын ар бирине аны аткаруу орду же ошол аткаруу баракчасы боюнча аткарылууга тийиш болгон сот актысынын бөлүгү көрсөтүлөт.

6. Өндүрүп алуучулардын өтүнүчү боюнча тилектеш жоопкерлерден акча суммасын өндүрүп алуу жөнүндө соттук актынын, дагы башка органдын актысынын же соттун өкүмүнүн негизинде сот тилектеш жоопкерлердин санына жараша бир нече аткаруу баракчаларын берет, мында алардын ар биринен өндүрүлө турган жалпы сумма, бардык жоопкерлердин аталыштары жана алардын тилектеш жоопкерчилиги көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [401-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-401)  
Кийинки берене: [403-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-403)
