# 400-статья. Процесстик мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: VI БӨЛҮМ
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-400>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-400.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 400-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-400

---

1. Экономикалык талаштын тарабынын арызы боюнча областтык же ага теңештирилген соттун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы ушул Кодекс же Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдары менен белгиленген процесстик мөөнөттүн өткөрүп жиберилишинин жүйөлүү себебин таануу менен өтүп кеткен процесстик мөөнөттү калыбына келтирет.

2. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө тиешелүү соттук инстанциянын чечиминде, аныктамасында же токтомунда көрсөтүлөт. Мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарылат.

3. Областтык жана ага теңештирилген соттордун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын өтүп кеткен процесстик мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндөгү аныктамасына даттанылышы мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [399-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-399)  
Кийинки берене: [401-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-401)
