Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
392-статья. Соттун кабарламасы
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · VI БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 марта 2014 года № 48
1. Экономикалык ишке катышып жаткан жактар жана процесстин башка катышуучулары соттун отурумунун же өзүнчө процесстик аракетти жүргүзүү убактысы жана орду жөнүндө аныктама менен сот тарабынан соттук актынын көчүрмөсүн почта аркылуу тапшырык-катты жөнөтүү жолу менен кабарландырылат, мында ал адресатка тапшырылгандыгы маалымдалат.
Кечиктирүүгө болбой турган учурларда сот ишке катышып жаткан жактарды жана процесстин башка катышуучуларын телефонограмма, телеграмма менен, факсимилдик байланыш же электрондук почта аркылуу же башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен кабарлап же чакырта алат. Мында сотто кала турган жана ишке тиркелген тексттин көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, аны өткөрүп берген күнү жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт. Эгерде соттук актынын көчүрмөсү адресатка же анын өкүлүнө түздөн-түз сотто же ал турган жерде тапшырылса, мындай тапшыруу кол койдуруу менен жүрүгүзүлөт.
2. Ал боюнча процесстин катышуучулары кабарландырыла же чакыртыла турган соттук акт төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
1) соттун аталышын жана дарегин;
2) соттун отурумунун же өзүнчө процесстик аракетти жүргүзүүнүн убактысын жана ордун;
3) кабарландырылуучу же сотко чакыртылуучу жактын аталышын;
4) кабарландырууга же чакыртууга негиз болгон иштин аталышын, ошондой эле кандай жак катары чакыртылып жаткандыгынын көрсөтүүсүн;
5) кабарландырылып же чакыртылып жаткан жак кандай аракеттерди жана кандай мөөнөткө карата жасоого укуктуу же милдеттүү экендигинин көрсөтүүсү.
3. Кабарларды сот ишке катышып жаткан жак көрсөткөн дарекке же юридикалык жак турган жерге же жеке ишкер жашаган жерге жиберет. Эгерде мыйзамга ылайык уюмдаштыруу документтеринде башкасы белгиленбесе, юридикалык жактын турган жери ал мамлекеттик каттоодон өткөн жер менен аныкталат.
4. Эгерде адресат соттук актынын көчүрмөсүн кабыл алуудан, алуудан баш тартса, аны жеткирип же тапшырып жаткан адам сотко кайра кайтарылууга тийиш болгон тапшыруу жөнүндө маалымдамага же соттук актынын көчүрмөсүнө баш тартылгандыгы жөнүндө жазып коюу жолу менен аны белгилейт.
5. Эгерде бул Кодексте же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башкасы каралбаса, чет өлкөлүк жактарга сот ушул главада белгиленген эрежелер боюнча кабарлайт.
6. Сот соттук актылардын көчүрмөлөрүн жөнөткөндүгүн жана аларды адресат алгандыгын тастыктаган документтер ушул статьяда белгиленген тартипте (тапшыргандыгы жөнүндө билдирүү, тилкат, дагы башка документтер) иштин материалдарына тиркелет.
(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
14.03.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…коюу жолу менен аны белгилейт.
5. Эгерде бул Кодексте же Кыргыз алынып салынды: Республикасынын эларалык келишиминде кошулду: Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башкасы каралбаса, чет өлкөлүк жактарга сот ушул главада белгиленген … тилкат, дагы башка документтер) иштин материалдарына тиркелет.
кошулду: (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-392" title="392-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>