# 390-статья. Арызды кароосуз калтыруу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: VI БӨЛҮМ
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2008 года № 168 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920732..920733>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-390>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-390.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 390-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-390

---

1. Сот арызды ушул Кодекстин 223-224-статьяларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле төмөндөгүдөй учурларда кароосуз калтырат:

1) эгерде мыйзамга, дагы башка ченемдик укуктук актыга же келишимге ылайык карыз банк же дагы башка кредиттик мекеме аркылуу алынууга тийиш болгон учурда доочу аны жоопкерден алуу үчүн банкка же дагы башка кредиттик мекемеге кайрылбаган болсо;

2) эгерде ушул категориядагы талаштар үчүн мыйзамда же келишимде каралган учурда доочу жоопкер менен талашты сотко чейин жөнгө салуу үчүн чара көрбөсө жана мындай жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаган болсо;

3) эгерде ишти угуунун убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабар кылынган доочу же анын өкүлү соттун отурумуна келбесе же ишти анын катышуусуз кароо тууралуу билдирбесе.

2. Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө судья аныктама чыгарат, ага даттанылышы мүмкүн.

Соттун аныктамасында соттук чыгымдарды тараптардын ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө маселелер чечилиши мүмкүн. (КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [389-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-389)  
Кийинки берене: [391-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-391)
