# 389-статья. Доо арызын кайра кайтаруу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: VI БӨЛҮМ
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2008 года № 168 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920732..920733>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-389>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-389.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 389-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-389

---

1. Судья доо арызын жана ага тиркелген документтерди ушул Кодекстин 136-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле төмөндөгүдөй учурларда кайра кайтарат:

1) эгерде доо арыэынын ушул бөлүмдүн 386-387-статьяларында белгиленген формасы жана мазмуну сакталбаса;

2) эгерде доо арызына кол коюлбаса же кол коюуга укуксуз адам же кызмат абалы көрсөтүлбөгөн адам кол койсо;

3) эгерде доо арызынын көчүрмөлөрү ишке катышуучу жактарга жөнөтүлгөндүгүнүн жана тапшырылгандыгынын далилдери берилбесе;

4) (КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

5) эгерде бир доо арызына бир же бир нече жоопкерге бир нече талаптар бириктирилгенде, бул талаптар бири-бири менен байланышпаганда;

6) эгерде мыйзамга, дагы башка ченемдик-укуктук актыга же келишимге ылайык карыз банк же башка кредиттик мекеме аркылуу алынууга тийиш болгон учурда аны жоопкерден алуу үчүн банкка же башка кредиттик мекемеге кайрылгандыгынын далилдери берилбесе;

7) эгерде доо арызын сот ишин жүргүзүүгө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыкканга чейин доочудан доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө арыз келип түшсө.

2. Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө судья аныктама чыгарат, ага даттанылышы мүмкүн.

Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө аныктама бузулган учурда бул арыз сотко алгачкы жолу кайрылган күнү берилди деп эсептелинет. Доо арызын кайра кайтаруу аны кайра кайтарууга негиз болгон жагдайларды жойгондон кийин ошол эле талап менен жалпы тартипте кайра кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

3. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган доо арызын кайра кайтаруу үчүн негиздер доо арызын кыймылсыз калтыруу үчүн негиз болуп саналбайт.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [388-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-388)  
Кийинки берене: [390-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-390)
