# 387-статья. Доо арызына тиркелүүчү документтер

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: VI БӨЛҮМ
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2008 года № 168 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920732..920733>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 387-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-387

---

Доо арызына төмөндөгүлөр тиркелет:

1) доо арызынын жана ага тиркелген, ишке катышып жаткан башка жактарда жок болгон документтердин көчүрмөлөрүн ишке катышып жаткан башка жактарга тапшыргандыгы жөнүндө кабарлама же жөнөткөндүгүн тастыктаган башка документтер;

2) (КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

3) доочу өзүнүн талаптарын негиздеген кырдаалдарды тастыктаган документтер;

4) юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

5) ишеним каты же доо арызына кол коюуга ыйгарым укуктарды тастыктаган дагы башка документтер;

6) эгерде бул ушул категориядагы талаштар үчүн мыйзамда же келишимде каралган болсо, доочу сотко чейинки тартипти сактагандыгын тастыктаган документтер;

7) эгерде келишим түзүүгө мажбурлоо жөнүндө талап билдирилген болсо, келишимдин долбоору;

8) эгерде актыны жараксыз деп табуу жөнүндө талап билдирилген болсо, талашка түшкөн актынын көчүрмөсү.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [386-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-386)  
Кийинки берене: [388-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-388)
